Бишкекке 13-апрелде ЕАЭБдин саммитине катышуу үчүн Орусиянын президенти Владимир Путин менен Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко келишти. Аларды өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Айта кетсек, бүгүн, 14-апрелде Евразиялык экономикалык комиссиянын жыйыны жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусу болот. Анда ЕАЭБдин алкагындагы экономикалык жааттагы актуалдуу маселелер, Евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык кызматташтык талкууланат. Ошондой эле мамлекет башчылар Молдовага ЕАЭБде байкоочу мамлекет макамын берүү боюнча кайрылуусу каралат.