Нарын шаарында 10 жаштагы баланы сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда кырсык 12-апрель күнү саат 14:20 чамасында Нарын шаарындагы Ленин көчөсүндө болгон. Анда белгисиз айдоочу 10 жаштагы Ж.М. аттуу баланы унаасы менен сүзүп, кырсык болгон жерден из жашырып кеткен. Анын кесепетинен Ж.М. денесинен жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Бул жол кырсыгы боюнча ыкчам изилдөө иштери жүрүп, 27 жаштагы Т.К. аттуу айдоочу кармалды. Азыркы тапта унаа айып жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.