Голливуд актёру Сильвестр Сталлоне "Warner Bros" киностудиясын сотко берди

Голливуд актёру, режиссёр Сильвестр Сталлоне "Warner Bros" студиясын 1993-жылы экранга чыккан "Кыйратуучу" ("Разрушитель") тасмасында аз акча төлөп берген деп айыптап, сотко берди. Бул тууралуу "The Hollywood Reporter" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда бул ишти Лос-Анжелес шаарынын Жогорку соту карайт. Актёрдун айтымында, студия жалпы прокаттан түшкөн акча каражаты тууралуу маалыматтарды атайын жашырып койгон. Тасма прокатта 58 миллион доллар таап, үй-бүлөлүк видео катары сатуудан андан да көп каражат тапкан. Доо арызда киностудия өзүнүн ач көздүүлүгү менен белгилүү экендиги, "эл аралык маданий талантты" алдын ала алдоо жөнүндө сөз болуп жаткандыгы айтылат.

Актёр буга чейин студиядан өзүнө тиешелүү гонорарын алган, бирок андан да көп алышы керектигин белгилейт. Канча сумма талап кылып жаткандыгы маалыматтарда так айтылбайт. Бул окуя боюнча "Warner Bros" да билдирүү тараткан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ekaterinburg
2017-04-14 10:42:04
Илгерки видео го"Кыйратуучу"Эми доолашып атканы тан калыштуу.
+2
Cherik.777
2017-04-15 11:16:37
Ошол кездеги пайдасына тушкон акчасын жашырса доолашатта
0
JemesRodrigues
2017-04-15 13:08:00
Снайпер деген киносу жагатта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан