"Бу кадар мы" ("Bu kadar mı") деген ыры менен белгилүү болгон түрк ырчысы, "Жашоо сүртүмдөрү" ("Elde var hayat") сериалында математика мугалими Кенандын ролун аткарган актёр Эмре Алтуг 47 жашка толду. Ал 1970-жылы 14-апрелде Стамбул шаарында төрөлгөн. Стамбул консерваториясын аяктаган соң ар кандай кечелерде ырдап келген. 2000-жылы "Мага ошол жөнүндө айтчы?" ыры менен популярдуулукка жеткен. 2003-жылдан тарта ар кандай жарнамалык роликтерге, телесериалдарга, көркөм тасмаларга чакыруу ала баштаган.
Жеке жашоосу
Актёр 2008-жылы түрк модели Чагла Шикелге үйлөнүп, 2 уулдуу болушкан. 2015-жылы түгөйлөр ажырашып кетишкен.
14-апрелге карата жылнаама.