Кийинки жумада Жогорку Кеңеште өкмөт 2016-жылы аткарган иши боюнча отчёт берет

Кийинки жумада Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрү 2016-жылы аткарган иши боюнча отчёт беришет. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, бүгүн өкмөттүн отчёту Жогорку Кеңештин аппаратына кат түрүндө түштү. Отчёт депутаттарга таанышуу үчүн берилет. Өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалыматы парламенттик фракцияларда жана комитеттерде талкуудан өтүп, андан кийин Жогорку Кеңештин жыйынына киргизилмекчи.

Буга чейинки маалыматта өкмөттүн басма сөз кызматы 2016-жылы өлкөдө экономикалык өсүү 3,8 пайыз өсүү болгонун кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан