Саммитке байланыштуу милиция бишкектиктерден мүмкүн болушунча коомдук унаа менен жүрүүнү суранууда

Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отуруму жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын бейрасмий жолугушуусу өтөт. Буга байланыштуу 14-15-апрелде борбор калаада айрым көчөлөрдө чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-15-апрелде Бишкектеги Жаш Гвардия, Фучик, Абдрахманов, Байтик Баатыр, Жибек Жолу, Чыңгыз Айтматов, Манас көчөлөрүндө убактылуу чектөөлөр болот. Милиция жарандардан туура түшүнүүгө жана мүмкүн болушунча коомдук унаалар менен жүрүүнү суранууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан