"Элдик видео" бөлүмүнө "Нурлан Насип & Самара Каримова - Бололу бирге (кадр артында)" деген видео жүктөлдү (ник: Aki-meki).
Адатта кооз, романтикалуу учур чагылдырылган клиптер чыныгы жашоодо болгондой элес калтырат. Бирок чыгарма жаратуунун артында чоӊ команда иштегени, күлкүлүү учурлар менен коштолгонун кээде көрүүчү капарына албайт. Кезектеги элдик видеодо Нурлан Насип менен Самара Каримованын учурда популярдуу болуп жаткан "Бололу бирге" клибин тартуудагы кадр артындагы кызыктар көрсөтүлөт. Нурлан Насип кантип басышы керектигин, Самара айым Нурлан мырзага кандай көздөр менен карашы керектиги айтылган кызыктуу видеону кененирээк шилтеме аркылуу өтүп көрүӊүз.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.