SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Стресс же депрессия" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Ойлоп көрсөм, көп учурда убактылуу көңүл чөгүү менен депрессияны алмаштырып алат экенбиз. Мурун жигитим менен уруша кеткенде "мен депрессия болуп жатам" деп өзүмө-өзүм боорум ооруп жүрө берчү элем. Көрсө, депрессия деген такыр башка экен. Андай абалга түшүп калганыбызды өзүбүз да сезбейт окшобойбузбу. Анан бир күнү "ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" дегендей, депрессиянын айынан бир жериң ооруп баштаганда анын себебин издеп жатып, ооруңдун түбү тээ алыста экенин билет экенсиң. Ошондо бул депрессия менен күрөшпөсөң, арты эмне болорун түшүнгөндө, өзүң эле айыга түшөсүң".
"Андай учурда өзүмдү кызыктуу китеп менен алаксытам, ислам динине тийиштүү китептерди окуйм, классикалык музыкаларды угам, апам менен баарлашам. Кыскасы өзүмдү кандай болсо дагы алаксытканга аракет жасайм".
"Эң жаман сапатым курбуларымды дагы көргүм келбей калат, башкалар тескерисинче, курбулары менен бөлүшүп жеңилдеп калат го, менде андай жок, анымды билип алышып, депрессияга түшкөндө мага эч ким жолобогонго аракет кылышат".
"А мен эч ким менен бөлүшө албайм, үйдө да жата албайм. Ошондуктан өзүмдү башка нерсе менен алаксытканга аракет кылам, көбүнчө досторду чакырып бильярд ойнойм, алар эмне кылып, эмне менен алек болуп жатышканын сүйлөшөм. Башка нерселер менен көңүлүмдү көтөрүп алгандан кийин өзүмдүн көйгөйлөрүмдү шашпай отуруп ойлонуп, бир чечимге келип чечип алам".
"Чынында эле азыр көп оорунун бардыгы нервден болот. Ошондуктан көп нерв болуп, стресске учурабаганга аракет кылам. Фэн-Шуй менен алаксыйм, музыка угам, бир гана позитивдүү ойлорду ойлойм. Жумуштан өзүн кыйын сезгендер жиниме тийгенде, мага сүйлөп жатса, жадыбалды эсептейм. Мисалы, мага бирөө сүйлөп жатса, мен "ммм, 5 x 5 = 25" деп, өзүмө жаман энергияларды албаганга аракет кылам".
"Ушул темага байланыштуу анекдот жаза кетейин. Европа ишканаларынын биринде аябай стресс болуп отурган Жон аттуу мырзага бирөө келип, эшикти "шып" ачып эле "Жон, сенин Анна деген кызыңды ишкананын алдынан автоунаа сүзүп кетти" дейт. Жон чуркап 47-кабаттан секирип 27-кабатка түшкөндө, анын Анна деген кызы жок экени эсине түшөт. Ал эми 17-кабатка түшкөндө үйлөнө электигин эстейт, анан 7-кабатка келгенде анын аты Жон эмес экендигин эстейт. Көрдүңүздөрбү достор, стресс адамды кандай нерсеге алып барарын..."
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.