Казакстандын Актөбө облусунун имамдары аш берүүдөгү ысырапкорчулукка каршы "жөнөкөйлөтүлгөн меню" иштеп чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кечээ, 13-апрелде жазып чыгышты.
Менюну бекитерден мурун жергиликтүү тургундардын арасында сурамжылоо өткөрүлгөн. Ага жалпы миӊден ашуун адам катышып, алардын 85 пайызы аш берүүдөгү ысырапкорчулукка каршы экендиктерин билдиришкен.
"Майрамдоо жөнүндө сөз болуп жатканда элдин кубанычы, жайылган дасторкон көзгө тартылат. Ал эми каза болгон адамды акыркы сапарга узатууда мындай дасторкон жайган болбойт. Биринчиден, бардык эле адамдар экономикалык жактан дасторконду толтурганга шарты жок. Экинчиден, аш берүүнү майрамдоонун белгилери менен өткөргөн жагымсыз көрүнөт. Бардык диний эрежелерге ылайык ысырапкорчулукка жол берилбейт", - деген Актөбө борбордук мечитинин аксакалы Ахан Бекежан.
Жаңы менюга ылайык, облустук мечиттин алдындагы ашканада 100 кишинин чыгымы 170 миң теңгени (550 доллардын тегереги) түзөт. Анын 105 миңи азык-түлүк сатып алууга жумшалса, калганы ашкана кызматкерлерине берилет. Эрежеге ылайык, аш берүүдө стол жөнөкөй, жеткиликтүү баада жасалышы шарт. Анда мейиз, кургатылган өрүк, талкан, курут, таттуулар жана ысык тамактан эт болушу керек.
Учурда бул менюну жергиликтүү ресторандар менен кафелерге таркатуу мерчемделүүдө. Андан сырткары облустагы имамдарга ысырапкорчулуктун зыян экендиги тууралуу калк арасында диний үгүттөрдү күчөтүү тапшырылган.
Кыргыз жергесинде да аш берүүдө ысырапкорчулук кылуу салтка айланган адат. Адам каза болгондон тарта бир нече ирет аза күтүлөт: үчилик, жетилик, кыркылык, жылдык аш жана башкалар. Ар биринде мал союлуп, жыртыш таратылат.
Эскерте кетсек, Аида Салянова чиновниктердин тойлорундагы ысырапкорчулукту чектөөгө багытталган мыйзам долбоорун сунуштаган, бирок ал биринчи окуудан өтпөй калган.