"Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду бай адамдар үчүн гана иштеп жатат" дейт депутат

"Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду бай адамдар үчүн гана иштеп жатат", - деди журналисттерге бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеӊештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов.

Ал аталган фонддогу каражаттарды дыйкандарга берүү керек экенин белгиледи. "Аталган фонд дыйкандардын ишмердүүлүгүн колдоо максатында түзүлгөн. Бирок башка нерселер үчүн колдонулуп жатат. Мисалы, энергетиктер "акылдуу эсептегичтерди" сатып алууга насыя алышты. Дыйкандарга 20 миллиард сомду 4 пайыздык төлөм менен насыя берсе жакшы болмок", - деди депутат.

Эске салсак, буга чейин Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду тар чөйрөгө иштеп, элиталык бизнеске айланды деп башка депутаттар да айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан