Ноокен районунда Кара-Үңкүр дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 13-апрель күнү Ноокен районунун Сакалды айыл аймагында Кара-Үңкүр дарыясы 150 метр дамбанын 100 метр аралыгын жеп кеткен. Дамбанын жээктерин бекемдөө үчүн министрликтен 1 бульдозер, Сакалды айыл аймагы тарабынан 70 адам жана Өзбекстандан 2 экскаватор, 2 бульдозер тартылган.
Айта кетсек, 31-марттан 10-апрелге чейин айыл аймактагы дамбанын жээктерин бекемдөө иштери жүргөн. Анын натыйжасында 30 гектар айдоо жерди жана 150 турак үйдү суу каптоо коркунучу жоюлган.