Саламаттыкты сактоо министри вагондо күн кечирген Аскат Букарбаевге аны жумушка орноштуруу боюнча убада берди

Бишкекте үй-бүлөсү менен вагондо күн кечирген, I топтогу майып Аскат Букарбаевге саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев аны жумушка орноштуруу боюнча убада берди. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде SUPER.KG`ге Аскат буларды билдирди.

"Кечээ министр келип, биздин үй-бүлөнүн жашоосу менен таанышып кетти. Ата-энемдин жумушун жакшыртуу, мага жумуш ордун түзүү боюнча тапшырмаларды берди.

Ал эми кээ бир сайттар жазып чыккандай, мени жумушка орнотушкан жок. Республикалык ден соолукту бекемдөө борборунда графика дизайнери боюнча жумушту сунушташты. Борбордун бөлүм жетекчиси: "3 ай окуп, үйрөнө бер. Жакса, иштеп кетесиӊ же болбосо бул багытта башка жумуш тапсаӊ болот", - деди. Азыр ооруканадамын, дарыланып жатам. Кийинки дүйшөмбүдөн тарта бул боюнча кененирээк сүйлөшөм", - дейт Аскат Букарбаев.

Ошондой эле ал өткөн жумада борбор калаанын Киев, Панфилов көчөлөрүнүн кесилишине президент Алмазбек Атамбаев менен жолугууну кыялданарын айткан баннер илдирткенин кошумчалай кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
adimyrza
2017-04-14 15:22:31
Президентибиз да барып кыялын орундатып койсо болмок банердеги жарнама жеткендир миллионер аташкабызга
+3
solntse95
2017-04-15 04:34:07
adimyrza,Аташкага мындайлар жетпей калат...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан