"Өнүгүү-Прогресс" Транспорт жана жолдор министрлигинин 2016-жылдагы ишин канааттандырарлык эмес деп тапты

Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы Транспорт жана жолдор министрлигинин 2016-жылы аткарган иши боюнча отчётун укту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, талкуунун жүрүшүндө депутат Мирлан Бакиров Жалал-Абад облусундагы Көк-Арт дарыясына салынган көпүрө 11 миллион долларга бүткөрүлгөндүгүн айтып: “Биз ушунча бай мамлекетпизби же каражатты сарамжал пайдалана албайбызбы?” - деди. Ички жолдордун курулушу дагы сапатсыз болуп жатканын айткан Бакиров бүгүнкү күндө алсыз министрликке айланды деген баасын берди.

Министрликтин өкүлү Бишкек-Кара-Балта жолу быйыл август айында баштала турганын билдирди. Ошондой эле ал Бишкек-Ош жолунун Жалал-Абад-Маданият бөлүгү быйыл башталбай калышы мүмкүндүгүн айтты.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Абдыкапар Султанов экономиканын келечеги экспорттоодо делгени менен, “Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасында вагондун жетишсиздигин, бул маселеде министрлик көмөктөшпөгөндүгүн сынга алды. “Мындай кайдыгерлик менен ишкерлердин колу-буту байланып, дээрлик миллиард сомдор сыртка кетип жатат”, - деди Султанов. Министрликтин статс-катчысынын милдетин аткаруучу Эрмек Мамыркалиев темир жол маселесин терең изилдеп, талдоо боюнча иш-пландар бар деп жооп берди.

Депутат Абылкайыр Узакбаев: “Каржы министрлиги каражаттарды толук кандуу берип жатса, министрлик алдына койгон иш-планына чыга албай жатса, демек, министрликтин ишинде коррупция бар деген бүтүм чыгарса болот”, - деген пикирин айтты.

Талкууда мындан сырткары авиация тармагындагы көйгөйлөр, ички авиа каттамдарды ачуу маселелери, министрликтеги кадр саясаты, өлкөдөгү жолдордун бузулушу жана бир катар көйгөйлүү маселелер айтылды.

Жыйынтыгында фракция министрликтин 2016-жылдагы ишин канааттандырарлык эмес деп тапты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан