Бишкектин мэри Иса Өмүркулов согуш ардагерлерин Жеңиш майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 7-майда балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” чыгармачылык борборунда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов 9-Май - Жеңиш майрамы менен согуш ардагерлерин жана оорук эмгекчилерин куттуктады.  

 

Урматтуу ардагерлер жана согуш жылдарындагы оорук эмгекчилери, сиздерди Жеңиш майрамы менен чын ниетимден куттуктайм! Каардуу жылдары кан майданда көрсөткөн эрдигиңиздерге таазим кылуу менен терең ыраазычылык билдирем! Курман болгон жоокерлерибиздин жаркын элестери эсибизде түбөлүккө сакталат, ал эми катарыбызда жашап жаткан ардагерлерибизге даңк жана урмат-сый артыла берсин. Сиздердин мекенибиздин көз карандысыздыгы үчүн көрсөткөн эрдигиңиздер бардыгыбызга ар дайым үлгү болот. Сиздерди Улуу Жеңиштин 68 жылдыгы менен чын дилибизден куттуктайбыз жана эрдигиңиздер менен сыймыктанабыз”,- деди шаар башчысы.  

 

Иш-чаранын жүрүшүндө ардагерлер үчүн концерттик программа тартууланды жана согуш ардагерлерине 5 миң сом, согуш жылдарында өкмөттүк сыйлыктарга ээ болгон орук эмгекчилерине 3 миң сом өлчөмүндө материалдык жардамдар көрсөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан