Украинанын популярдуу "Орёл и решка" трэвел-шоунун алып баруучусу Регина Тодоренко аталган шоу тууралуу берген интервьюсунан соӊ жумушунан айрылышы мүмкүн.
Маалыматтарга караганда, Регина интервьюда "шоунун алып баруучуларына берилген алтын карта чынында - миф, жөн эле бай жашоонун символу. Чындыгында программанын бюджети чектелүү, ал эми эфирде көрсөтүлгөн кооз жайлар бир нече саатка ижарага алынат", - деп айткан. Бул сөздөргө ачууланган шоунун башкы продюсери Нателла Крапивина Регинанын сөздөрү калп экенин айтып, ага так эмес маалыматты айтканы үчүн 2 миллион рубль айып пул салынарын жана сезон бүткөнгө чейин аны жумуштан бошотуу чечими кабыл алынышы мүмкүн экенин билдирген.
Көп өтпөй кечээ, 13-апрелде Тодоренко Инстаграмдагы баракчасы аркылуу "Орёл и решка" шоусунун чыгармачыл тобунан, "Пятница", "Интер" телеканалдарынан кечирим сураган билдирүү калтырган.
"Канча адам болсо, ошончо ой-пикир бар. Ар бир адам адашышы мүмкүн, бир нерсени ойлоп таап, контекстен үзүп алып, айрыкча бул массалык маалымат каражаттарына тиешелүү. Мен долбоордун продюсери эмесмин, андыктан бюджети кантип түзүлөрүн билбейм. Колумдагы алтын карта мага чоӊ мүмкүнчүлүктөрдү берет. Жадакалса алып баруучулар анда канча акча бар экенин билишпейт.
Күйөрмандарга туура эмес түшүнүктү жаратканым үчүн долбоордун чыгармачыл тобунан, "Пятница", "Интер" телеканалдарынан кечирим сурайм", - деп жазган Регина Тодоренко.