Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Башкы катчылыгына Юрий Хачатуров дайындалат. Мындай чечим 14-апрелде ЖККУдагы мамлекеттердин башчыларынын Бишкектеги жолугушуусунда кабыл алынганы белгилүү болду. Уюмдун мурдагы башкы катчысы Николай Бордюжага атайын сыйлык ыйгарылары айтылды. Маалыматты журналисттерге ЖККУнун Башкы катчысынын орун басары, уюмдун башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков билдирди.
Бишкектеги жолугушууда ЖККУнун алкагындагы аскердик маселелер талкууланды.