11 жаштагы бразилиялык эгиз түгөйлөр Лара менен Мара Бавар мода дүйнөсүнө аралашып, интернетте өздөрүнүн өзгөчө өӊ келбети менен белгилүү болуп чыга келишкен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Гвинеи-Бисаудан чыккан үй-бүлөдө төрөлгөн кыздар тубаса альбинос болуп төрөлгөндүгү менен айырмаланышат. Кызыгы, алардын улуу эжеси сиӊдилерине окшошпойт жана ал кадимки кара терилүү кыздардын бири. Эгиздердин дебюту өткөн жылы швейцариялык фотограф Винисиус Терранованын "Чанда кездешчү гүлдөр" долбоорунда болгон. Ошол окуядан соӊ кыздар менен белгилүү бренддер иштешүүнү башташкан.
Белгилей кетсек, альбиностор – табышмактуу, сырдуу, сулуу жана планетадагы сейрек кездешүүчү адамдар. Тактап айтканда, альбиностор – териси, чачы, каш-кирпиктеринен бери аппак болуп төрөлгөндөр. Медициналык статистикага таянсак, дүйнөдөгү ар бир 20 миң адамдын бири альбинос болуп төрөлөт. Оору тукум кууган оорулардын түрүнө кирет.