6-май күнү Бишкекте “Алтын Кен” компаниясында иштеген кытай кызматкерлерине кол салуу болду. Маалыматка таянсак, кытай кызматкерлери ошол күнү аталган компанияда иштеген жумушчулардын айлык маянасын берүү үчүн банктан 2 миллион сом алышкан. Андан соң алар Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан “Лия” кафесине тамактануу үчүн киришкен. Саат 21:00 чамасында азиат түспөлүндөгү бейтааныш 3 жигит алар отурган столго келип, тапанча такоо менен кассир Ло Хаи Вандан акча салынган баштыкты алып качышкан. Ошондой эле алар бир ирет ок да чыгарышкан. Учурда аталган факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.