Samsung компаниясы айдоочулардын өмүрүнүн коопсуздугу үчүн мобилдик тиркеме иштеп чыкты

Samsung компаниясы айдоочулардын өмүрүнүн коопсуздугу үчүн мобилдик тиркеме иштеп чыкты. Башкача айтканда, компаниянын Нидерланды мамлекетиндеги бөлүмү атайын айдоочулар үчүн In-Traffic Reply тиркемесин ойлоп тапкан. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, In-Traffic Reply`дын жардамы менен айдоочу жолдо баратканда смартфонуна алаксыбайт. Рулду башкарып баратып телефонду жадакалса бир канча секунд колдонуу коркунучтуу, себеби жол кырсыгына кабылып калуу мүмкүн эмеспи. Компания ушул маселени эске алып, тиркемени ойлоп тапкан. Мындан сырткары изилдөө жүргүзгөн фирмалардын биринин маалыматына караганда, нидерландылыктардын үчтөн бир бөлүгү унаа айдап баратып смартфонун колдонот.

In-Traffic Reply тиркемесин иштеткенде ал колдонуучунун шайтан араба же автоунаа айдап бара жатканын өзү автоматтык түрдө аныктайт. Ошондой эле телефонго келген чалууларга же каттарга "Мен транспорттомун, андыктан жооп бере албайм" деген билдирүү менен жооп берет. Колдонуучу аны башка сөздөргө же анимацияга алмаштырып койсо болот. Учурда тиркеме бета-тестирлөө баскычында, ушул айдын аягында элге тартууланары айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nur1k
2017-04-14 19:15:58
Анан жини келсе жарылып кетет)
-3
baxabek89
2017-04-14 21:44:27
Укмуш го
0
Sardarakam
2017-04-14 23:27:34
Мен муну болбргон нерсе деп ойлойм окшошпой калдыго дейм Мобилдик тиркеме жардам бербейт еч качан. Бирок жакшы дагын аракет кылса башкачаарак болмок.
-5
Mers124
2017-04-15 00:26:06
Телефон менен кармалгандарга штраф салып штрафтын акчасына блютуз наушник белек кылса гумандуулук болмок беле.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан