Сокулук районунда уюлдук телефон тартып алган 51 жаштагы киши кармалды

Сокулук РИИБинин аймактык инспекторлору өткөргөн оперативдүү-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип Военно-Антоновка айылынын тургуну колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБинин маалымат кызматы билдирди. Сентябрь айынын баш чендеринде болжол менен саат 21:00 чамасында Ленин жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде 51 жаштагы жаран 31 жаштагы адамдын күч колдонуп уюлдук телефонун тартып алган. Бул факт боюнча Сокулук РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан иликтөө жүрүп жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан