Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кезексиз сессияга чогулушат

8-майда Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы болот. Күн тартибинде Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен насыя келишимин кароо маселеси талкууланат. Белгилей кетсек, аталган банк Бишкектеги тиричилик таштандыларын башкаруу боюнча долбоорго 22 миллион доллар каражат бөлүп берүүдө. Бул каражаттын 11 миллиону грант түрүндө, 11 миллиону насыя катары берилет. Ал эми долбоордун техникалык-экономикалык негизин түзүп берүү үчүн банк 548 миң евро бөлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан