ЖЫЛНААМА, 15-АПРЕЛЬ: 113 жыл мурун Америкадагы кулчулукту жойгон АКШнын 16-президенти Авраам Линкольн көз жумган

Мындан 113 жыл мурун, 1904-жылы 15-апрелде Америка Кошмо Штаттарынын 16-президенти жана Республикалык партияны негиздөөчүлөрдүн бири Авраам Линкольн Жон Уилкс Бут аттуу актёрдон ок жеп, көп өтпөй каза болгон.

Ал 1809-жылы 12-февралда Кентукки штатынын Гардинг округунда төрөлгөн. Апасы китептерди көп окуткандыктан, кийин Авраам Линкольн замандаштарын керектүү учурда цитаталарды орундуу жана так келтирүүсү менен таң калтырган. Бала кезинде темир уста болуу тууралуу кыялданып, бирок ал ишке ашкан эмес. Кийин токойдо карагай кыюучу, почта кызматкери, жер ченегич болуп иштеген. Бир жолу ал Миссисипи дарыясы боюнча түштүккө сапар тартып, ал жердеги кул базарда кара күчүн саткан адамдарды, жан багыш үчүн ач курсак менен акчанын кулу болгондорду, адамдык укук тебеленип, теңсиздиктин күч алганын көргөн. Ошондон тартып өмүр бою кулчулукту жоюуга, адамдардын көз карандысыздыгын камсыз кылып, теңсиздикти жок кылууга бүт күчүн жумшагысы келген. Ошондон улам ал юрист болуп, Иллинойс штатынын адвокаттар коллегиясынын мүчөлүгүнө кирет. Ушундан тартып Авраам Линкольндун чоң саясатка жолу башталган. Ошентип Кентукки штатындагы карапайым эле фермерлердин уулу, бир кездеги токойдо жумушчу, жер ченегич жана башка кара жумуштарда иштеп жүргөн киши укмуштуудай зор бийиктиктерди багындырууга даяр болгон. Америкалыктар аны "man who made him himself" - "өзүн өзү жасаган адам" деп аташкан.

1854-жылга чейин Авраам Линкольн Американын саясий аренасында көрүнүктүү орунду ээлеген "Вигдер" партиясынын лидерлеринин бири болгон. Кийин кулчулукка каршы чыккандыгы үчүн Түштүктүн колдоосунан айрылып, партия таркап кеткен. Анын ордун Республикалык партия ээлеп, 1860-жылы Авраам Линкольнду президенттикке талапкер катары көрсөтөт. Шайлоодо жеңип чыгып, 1861-жылы ал өлкө башчы болуп шайланат да, ошондон тартып АКШнын тарыхындагы эң маанилүү окуя башталган.
"Чынчыл Эйб" (Авраам Линкольндун элдин арасындагы аты) президент болор замат анын кулчулукту жоюуга кылган иш-аракеттеринен улам түштүк штаттар өзүнчө бөлүнө башташкан. Президент коомдук ажырымга жол бербей, улуттун бир эл болуп сакталып калышына бүт күчүн жумшаган. Авраам Линкольндун тарых алдындагы эң башкы жетишкендиги - бул салгылашууну утуп, Америка элинин биримдигин сактап калганында. Ошондон кийин ал АКШнын Конституциясына көптөгөн кошумчаларды киргизип, кулчулукту түп-тамыры менен жойгон. Мындай ийгиликтерден кийин экинчи президенттик мөөнөткө шайланган.
Авраам Линкольн Американын тарыхында "улутту сактап калган президент" аталып, америкалыктардын пикирине караганда ал эң интеллектуалдуу президент жана азыркы күнгө чейин өрнөк боло турган адам деп саналып келет.
15-апрелге карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан