ЖЫЛНААМА, 15-АПРЕЛЬ: Гарри Поттер тууралуу тасмаларда Гермионанын ролу аркылуу атактуу болгон актриса Эмма Уотсон 27 жашка толду

Гарри Поттер тууралуу тасмаларда Гермиона Грейнджердин ролун ойногон британиялык актриса жана фотомодель Эмма Уотсон 27 жашка толду. Ал 1990-жылы 15-апрелде Парижде туулган. “Гарри Поттер” тасмасынын ар бир бөлүгүнө тартылган актриса Эмма Уотсон 2007-жылы талыкпай эмгектенип, “People” журналы ага “Эң кичинекей бай актриса” деген наам берген. Жомок-тасмадан алган маянасы эң аз дегенде 4 миллион долларды түзгөн. Мындан сырткары 17 жашында актриса “Vogue” журналынын бетине чыккан эң жаш атактуу кыз болгон. Ошондой эле Эмма 2009-жылы эң көп гонорар төлөнгөн актриса болуп "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген.

Жеке жашоосу

Актриса Уилл Адамович, Мэттью Женни, Роман Абрамовичтер менен сүйүү мамилесин курган деген кептер айтылып келет. Учурда бойдок.

15-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
dinadeka
2017-04-15 13:21:47
maga ushul aktrisa aiabai jagat.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан