КВНчи, "РУДН" командасынын капитаны Сангаджи Тарбаев 35 жашка чыкты. Ал 1982-жылы 15-апрелде Орусиянын түштүгүндөгү Элиста шаарында туулган. Сангаджи Тарбаев бала кезинен музыкага жакын болуп, музыкалык мектепти скрипка классы боюнча бүтүргөн. Мектепте жакшы окуп, үлгүлүү окуучулардын катарында жүрүп, 1999-жылы алтын медаль менен аяктаган. Ал эми 2005-жылы Орусиянын эл достугу университетинин (РУДН) гуманитардык жана социалдык илимдер факультетин бүтүргөн. Сангаджи Тарбаев КВНде катышкандан сырткары өзүн телеалпаруучу, телепроекттердин продюсери катары да сынап, тасмага да тартылган.
Жеке жашоосу
2012-жылы Сангаджи Тарбаев Татьяна деген кызга үйлөнүп, бир жылдан кийин түгөйлөр Тимуджин аттуу уулдуу болушкан.
15-апрелге карата жылнаама.