8-майда республикада жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге чейин жетет. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +24...+29°C, түнкүсүн +8...+13°C
Талас облусунда күндүз +23...+28°C, түнкүсүн +6...+11°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +25...+30°C, түнкүсүн +11...+16°C
Баткен облусунда күндүз +24...+29°C, түнкүсүн +8...+13°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +17...+22°C, түнкүсүн +5...+10°C
Нарын облусунда күндүз +20...+25°C, түнкүсүн +2...+7°C
Бишкек шаарында күндүз +26...+28°C, түнкүсүн +9...+11°C
Борбор калаада жаан-чачын күтүлбөйт.