Бишкектин жана Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт
Бүгүн,
8-майда саат 9:00дөн
17:00гө чейин Бишкектеги П.Лумумбы,
Матыев, Красный, Туюк, Бах, Серафимович көчөлөрүндө, Кара-Жыгач конушунда электр жарыгы өчүрүлөт. Ошондой эле Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын Кыргызстандын 40 жылдыгы кварталындагы №
44, 46, 47-көп
кабаттуу үйлөрдө,
Алексеевка айылында, Кемин районунун Орловка айылынын чыгыш тарабында,
Кызыл-Байрак айылында электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. “Түндүк электр” ишканасы билдиргендей, бул өчүрүүлөр
тиешелүү көмөк чордондорду оңдоо иштерине байланыштуу болот.