Google издөөчү системинде англис тилиндеги үчүнчү дүйнөлүк согуш тууралуу сурам эң көп суралганын Google Trends тиркемеси аныктады. Тиркеме 2004-жылдан тарта сурамдардын санын анализдеп келет.
Алгач колдонуучулар АКШнын Сириядагы авиабазасына боло турган ракеталык сокку тууралуу билгилери келген. Андан кийин АКШ менен Түндүк Кореянын ортосундагы чыңалуу тууралуу сурамдар көбөйгөнүн International Business Times жазып чыккан.