Консулдук департамент кызматы 2012-жылдын 15-декабрында КРда мурда берилген дипломатиялык жана кызматтык паспортторун кайрадан пландык каттоодон өткөрүү иши аяктагандыгын эскертет. Мурда берилген жана кайрадан каттоодон өтпөгөн дипломатиялык жана кызматтык паспорттор "анык эмес" деп жарыяланды. Буга байланыштуу алар чек араны кесип өтүүдө Чек ара көзөмөл кызматтары аркылуу алынат. Паспорттор жарактуу же жараксыз экендигин тактоо үчүн Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 10 А же 66-32-50 номуру боюнча кайрылсаңыздар болот.