"Adidas" кроссовкаларын кийген мумия Кыргыз Каганатынын тушунда каза болгону аныкталды

Былтыр Алтай тоолорунан 1500 жылдык мумия табылганын анын бутундагы "Adidas" кроссовкаларына окшош бут кийими дүйнө жүзүнө кабардар кылган. 12 ай бою окумуштуулар бул табышмактуу мумияны изилдешти. Анын кылдаттык менен тазаланган кийимдеринин сүрөттөрүн The Siberian Times жарыялаган. Эми Монголиянын маданий баалуулук борборунун эксперттери бул аялды 1100 жыл мурун башынан катуу жаракат алганынан каза болгонун айтышууда.

Dailymail басылмасы аталган борбордун директору Гальбадрах Энхбат мумиянын бут кийими Adidas кроссовкаларына окшош болгондуктан изилдөө кызык болгонун айтканын жазат. Жергиликтүү мода эксперти бут кийимдер кызыктай болгону менен, заманбап көрүнөрүн, жогорку сапатта тигилгенин, ачык түстөрү жакканын айтып, мындай бут кийимди өзү да киймек экенин белгилеген.

Мумия жана аны кийимдери 2800 метр бийиктикте, муздак жерде, чыйырдуу зат менен капталгандыктан, жакшы сакталган. Окумуштуулардын ою боюнча, ал X кылымда көмүлгөн. Ошондой эле аны менен кошо сумкасын, 4 жолку кийимин, тарагын, күзгүсүн, бычагын, атын, анын ээрин жана жабдыктарын кошо көмүшкөн.

"Ал ошол кездеги карапайым эле аял болгонун болжолдоп жатабыз. Анын сумкасында тигүүчү аспаптары бар болгондуктан, ал тикмечи болсо керек деп жатабыз. Анын бут кийиминдеги, куржунундагы саймалар жергиликтүү тургундардын колунан сайылганынан кабар берет", - деген Гальбадрах Энхбат.

Белгилей кетсек, аталган аймакта IX—X кылымдарда Улуу Кыргыз каганаты жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
suban78
2017-04-16 16:06:07
Модница болсо керек да, куйоосун кыйнап адидас кроссовка апер деп уруш чыгара берген болсо аперген да бечара. Анан уурулар кийингенин коруп бай окшойт деп башына бир чаап тынчытып сумкасын карашса банкрот, ийне жип эле чыккан. Пул болбогон
-26
Burkut87
2017-04-16 20:34:19
suban78,созго соз жок
+4
ACAH-AKA.
2017-04-16 20:40:57
suban78,Брат кайипсизби
+8
Avletim1988
2017-04-17 02:21:31
suban78,эркек
+1
aylin_kg
2017-04-16 16:47:30
Демек кыргыз болушу да мумкун экенда.Мин жылдан ашуун убакыт турса да жакшы сакталыптыр.Сумкасы жакты)
+6
Eraly___
2017-04-16 17:00:35
Ошондо кыргыз каганаты сакталып калганда, азыр азиянын копчулук жерлерине ээлик кылсак керегеле.
+22
Motorola-Samsung
2017-04-16 17:07:29
Эмнелерди жазбайсыңар, апер деп үйрөнүп алса апер дейт да жүрбөйбү Бишкектегилер эки сөзү кыргызча, эки сөзү орусча. Андан көрө пулуң барбы, болсо биттта экитта самса жебейлиби деп сүйлөгөн жакшы
+34
Ak_Bulut
2017-04-16 18:52:50
Motorola-Samsung, Эме деппи маганям саганям биттадан катта самса деппи тамаша))) ( жаздым окшойт)
-17
aijan.borkoshova
2017-04-16 23:47:26
Ak_Bulut,ондой эмееес!Манаям,санаям болот эдее аяш аваа
-8
baisogur
2017-04-16 17:08:33
Кыргыздын оймо чиймелери дана корунуп туратко балким Кыргыздын урпагы чыгаар.
+25
Targarien
2017-04-16 17:38:29
Кыргыз каганаты убагындагы тарыхый булактар жокко эсе Ошону теренирээк изилдеш керек
+12
bosmos777
2017-04-16 19:40:58
Targarien,Кайдан изилдейт ? Динчилдердин заманы болуп турса. Шир. деп турат.Тарых жонундо суйлосон.
-8
Eli.91
2017-04-16 20:01:32
Учун кечирим сурайм баарыныздардан,теема жонундо айтатурган болсом,кыскасы бул аялдын жанын кыйнабай эле ырымын кылып жерге бериш керек,бечара олсода тынч жаткырбайт экенда,булда жаны чыркырап жургон чыгар,биз айтып жургон коркунучтуу окуялар ушуга окшогон жерге берилбей калган адамдарда,аларда умут кылып кыйналып журушотда бир адам бар бекен мени жанымды чыркыратбай жакшына кылып майрам сууга алып кепиндеп жерге берсе жакшы болот эле деп,айтаарым ушул бул аялды кыйнабай жергеле берели,озубузго
+5
Eli.91
2017-04-16 20:04:24
Да сооп болот,бечара аял жаны сыздап жай албай чыркырап кыйналып жаткан чыгаар,кийимдерин билгендей кылсында озун оз жерибизге алып келип жерге берели лично менин оюм.
+5
aylin_kg
2017-04-16 20:36:18
Eli.91,азыркы кезде мумия Монголияда изилденип жатат экен.Бул кыргыз экен бизге бергиле оз жерибизге алпарып жерге берели дейбизби))))
1100жылдык табылганы бере коюшмак беле?
Кыргыз болгон чакта да мусулман болгонбу ким билет?Ал убакта кыргыздарда тенирчиликке ишеним болсо керек эле.
Бирок жерге бериш кк дегенге кошулам.
+5
Atas
2017-04-16 21:08:19
Ushul okuyany okup alyp 1500 jyldan kiin emne bolot boldu eken dep koidum
+6
rustamov.com
2017-04-16 22:03:45
олду эми адидас фирмасы корсо ушундай чыгара баштайт))
+2
argen.kg4
2017-04-16 22:28:37
Чон Кыргыз кагандыгы да бизге окшоп болунуп создон айып таап журуп тыркырап талкаланса керектир.
Бироо мага Оштун эли озбекче суйлойт экенсинер дейт.Ээ досум кандай суйлосок да Ош шаарына 3000жыл болсо ошондон бери ушинтип эле суйлоп келе жатабыз дедим.
+7
Ak_Bulut
2017-04-17 07:13:31
argen.kg4,сен туура эмес айтын Оштун эли кыргызча эле суйлойт! 3000 жыл озбекче суйлосо Озбекстан болуп калмакпыз.Озбек тили башка.
+2
nargis
2017-04-17 08:56:25
Мындан 20жыл мурун биздин айылда, турак уйго чийме казып жатып бир аялдын соогу идиш табагы мн чыкан эле, ошондо атеистик доордон коркуп калган молдо авабыз илгери аялдарды идиш табагы мн, эркектерди балта чокмору мн жакшына кийинтип комушкон экен деп айтканы бар эле , бирок ал табылганы молдо болгон учун зыйнатын кылып жайгарып койгон. Эгер ошол соз чындыкка дал келсе бул аял баатыр эл башкарган аял болушу да мункун, ал эми ийне бычактары аял деген маанини билдирсе керек, ат ж-а бийик жерге
+1
nargis
2017-04-17 09:02:31
Бийик жерге комулгону даражасынын жогору улутунда болуш керек. Анан да адидас эмес эле кооздолгон чокой экен, саймалары болсо нукура кыргыз эле саймалардан . Изилдоонун акырында кыргыз деп эле табылса керек. Олбогон кыргыз, очпогон кыргыз, кырылгыс кыргыз, ошон учун бизде тарых бар.
+1
nargis
2017-04-17 09:06:45
nargis,даражасынын жогорулугунда .(ката учун кечирим ).
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан