ЖЫЛНААМА, 17-АПРЕЛЬ: 227 жыл мурун АКШны негиздөөчүлөрдүн бири, элчи, окумуштуу Бенжамин Франклин көз жумган

Мындан 227 жыл мурун, 1790-жылы 17-апрелде Америка Кошмо Штаттарынын түзүлүшүн негиздеген үч эң маанилүү тарыхый документке кол койгон жалгыз саясий ишмер, элчи, окумуштуу, 100 АКШ доллар купюрасынын сүрөт кожоюну Бенжамин Франклин 84 жашында Филадельфияда кайтыш болгон.

Америкалык ойчул, илимпоз, экономист, публицист Бенжамин Франклин 1706-жылы 17-январда Бостондо туулган. Ал эгемендиктин декларациясы жана АКШнын Конституциясынын түзүүчүлөрүнүн бирден бир өкүлү. Саясий көз караштары боюнча Бенжамин Франклин демократ болгон. Өзүнүн чыгармаларында кул ээлөөчүлүктү жана кул сатуучулукту кескин түрдө сындап, негрлердин жана индейлердин укугун коргогон. Бенжамин Франклиндин философиялык көз караштары Жон Локк, Энтони Эшли Купер Шефтсбери, Уилки Коллинз, Жон Пристли сыяктуу ойчулдардын чыгармачылыгынын таасири астында калыптанган. Кыймылды материянын имманенттик касиети катары караган. Табиятта көз карандысыз мыйзам ченемдүүлүктөр бар деген пикирге кошулган.

Анын катышуусу менен Улуу Британия АКШнын көз карандысыздыгын тааныган Версаль тынчтык келишими түзүлгөн. Франклин АКШда биринчи болуп коомдук китепкананы, Америкалык философиялык коомду жана Пенсильвания университетин негиздеген.

"Убакыт - акча", "Бүгүн жасалчу иштерди эртеңкиге таштаба", "Эгерде тынч уктагың келсе, төшөгүңө ынсабыңды кошо ала жат". Булар Бенжамин Франклинге таандык эң белгилүү афоризмдер.

17-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан