14-18-май күндөрү Москва шаарында бильярддын “эркин пирамида” түрү боюнча Москва шаарынын мэринин Кубогу өтөт. Аталган мелдешке кыргыз бильярдчылары Каныбек Сагынбаев менен Ызатбек Раатбеков катышат. Маалыматка ылайык, бул мелдеште жакында эле Иван Саввиндин Кубогу үчүн Ростов-на-Дону шаарында өткөн мелдешке катышкандардын ичинен 8 бильярдчы ат салышат.