Шайлоо-2017: Мадумаровдун рейтинги түшүп баратат

Быйылкы жыл Кыргыз мамлекети үчүн абдан маанилүү. Анткени күзүндө келерки 6 жылда өлкөнү башкаруучу президент шайланат. Андыктан SUPER.KG порталы быйыл күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого карата сурамжылоо жүргүзүүдө. Соӊку эки аптада сурамжылоонун фавориттеринин курамында өзгөрүү болгон жок.

"Кыргыз жараны катары президенттикке талапкер болушум толук мүмкүн" деген Чубак Жалилов биринчилик позициясын кайрадан бекемдеди. СИЗОдо колун жана моюнун кескилөө окуясы, аны камакта калтыруу боюнча соттун чечими Садыр Жапаровдун рейтингинин өйдө-ылдый жылышына таасир этпей, Жапаров экинчи орунда калды. Соӊку резонанстуу окуяларда өлкөнү башкарып жаткан топту кескин сындап, чет жердеги мекендештер менен жолугушууну активдүү колго алган Адахан Мадумаровдун рейтинги акырындап түшүп баратат. Жапаров сыяктуу эле Мадумаров да президенттик шайлоодо чет жерде жашап-иштеп жүргөн мекендештерден таяныч күтөрү байкалууда. Бирок буга чейинки шайлоолор көрсөткөндөй, чет өлкөлөрдө жүргөндөр чечүүчү күч болуп берүүсү күмөн. Анткени биометрикалык маалыматтардын негизинде шайлоо, каттоо маселелери, тилекке каршы, чечилбеген боюнча турат.

Өткөн аптада олуттуу сындардан кийин байлыгы боюнча коомчулукка отчёт берген Өмүрбек Бабанов президент Алмазбек Атамбаевдин командасынын өкүлү, президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаковду басып өтүп 4-орунду багындырды. Мындан мурунку айлампада Исаков Бабановду артта калтырган эле. Президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков сурамжылоонун бул айлампасында алдынкы бештикти жыйынтыктады. Ал учурда өлкөнүн 2040-жылга чейин өнүгүүсүндө негизги багыт боло турган “smart коом” долбоорун сунуштап, Кыргызды санариптик алдынкы 5 өлкөнүн катарына 6-кылып кошууну максат кылган амбициялуу пландын үстүнөн иш алып барууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан