Эне болууга түзүлгөн шарттар боюнча 170 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 104-орунда турат. Бул тууралуу "Save the Children" эл аралык уюму жүргүзгөн изилдөөдө белгилүү болгон. Алдынкы саптарды Швеция, Финляндия, Исландия жана Норвегия өлкөлөрү ээлеген. Орундар балдардын өлүмүнүн көрсөткүчү, аялдардын саясатка катышуусу жана билим деңгээли, ошондой эле энелердин өлүмүнүн көрсөткүчтөрү аркылуу аныкталган. Эне болуу шарты эң начар болгон акыркы 3 орунду Конго, Сомали, Сьерра-Леоне мамлекеттери алган. Ал эми Орусия 59-орунга чыкса, Казакстан 65-орунда.