Орусиядагы жол кырсыгына кабылган 4 Кыргыз жаранынын бири каза болду

Орусиянын Ленинград облусундагы Тосно районунда болгон жол кырсыгында жабыркаган 4 Кыргыз жаранынын бири каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, Кыргыз жараны кан жоготуудан улам каза болду. Эки Кыргыз жаранынын абалы орто экенин Орусиядагы Кыргыз элчилигинен кабарлашкан. Алар Тосно райондук ооруканасына жаткырылганы белгилүү. Ал эми кырсыкка кабылган дагы бир Кыргыз жараны жаракаты жок болгондуктан үйүнө чыгарылган.

Эскерте кетсек, 14-апрелде Орусияда Форд үлгүсүндөгү кичи автобус оор жүк ташуучу унаанын артына кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен кичи автобустагы жүргүнчүлөр жабыркаган. Алардын ичинен бешөөнүн абалы оор экени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
doni-beku
2017-04-17 11:32:26
Аллахым мусапыр бир туугандарыбызды эсен аман оз элине уйуно кайтарса экен
+3
Nazikbaigazy
2017-04-17 12:15:37
Терен кайгыруу менен конул айтабыз
+5
nurbekasr
2017-04-17 13:27:13
Бүгүн да авто авария Бишкек Нарын Торугарт жолунда,адам өлүмү менен коштолуп.Эмне эле болуп жатат өзү Еыргызстанда.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан