Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясы малдын оорусун көзөмөлдөгөндүн ордуна аны жашырып жатканын 17-апрелде парламентте Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Эл өкүлү аталган инспекциясынын директору Калысбек Жумакановдон малдын оорусун кимдер дарылап, ким көзөмөлдөй турганын сурады.
"Жеке ветеринарлар малдын ооруларын алдын алып, дарылоону жүргүзөт. Вакцинанын сапатына инспекция жооп берет", - деди ал.
Кенжебек Бокоев: "Жеке ветеринарлар диагноз коё албайт жана коюлган диагнозго жооп бере албайт. Алар дарылоону так аткара алат. Оорунун алдын алганга, албетте, жеке ветеринар жооп бере албайт. Ооруга жооп бересиң десең качат. Келишимге кол койбойт”, - деди ал.
Калысбек Жумаканов ветеринарлардын саны көбөйүп жатканын белгиледи. “2016-жылдын башында 1470 ветеринар болчу. 2125 ветеринар болду. Көбөйүп жоопкерчиликтерди алып жатат. 25 жылдан бери ветеринарлардын билими ылдыйлап кетиптир. Ошол ветеринарлардын билимин көтөрүп жатабыз”, - деди.
Депутат инспекция жооп бербей көзөмөлдөш керектигин белгилеп: “Инпекциянын бир колунда дарылоо, экинчи колунда көзөмөл болуп жатат. Так айырмалап бөлүш керек”, - деди.
Аталган комитеттин жыйынында ветеринардык көзөмөл тутумун реформалоо жана ЕАЭБге кошулуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу жөнүндө маселе каралды.