АКШда жубайлар ДНК текшерүүдөн өтүшкөн соӊ эгиздер экенин билишкен

АКШда жубайлар ДНК текшерүүдөн өтүшкөн соӊ эгиздер экенин билишкен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, уникалдуу окуя Американын Миссисипи штатында катталган. Балалуу болууну көздөгөн түгөйлөр ооруканага келип, ДНК-тесттен өткөн соӊ бир тууган экенин билишкен. Эгиздер кичинекей кезинде ата-энеси кырсыктан каза болгон соӊ ажырашканы белгилүү болгон. Кийин аларды эки башка үй-бүлө багып алган. Андыктан алар түгөйү бар экенин билишкен эмес. Ал эми аты-жөнү тууралуу дарыгерлер маалымат берүүдөн баш тартышкан.

"Алар колледжде окуп жүргөндө таанышышкан. Бири-бирине окшош болгону үчүн тартылуу, сүйүү сезими жаралган. Кайсы бир учурда жолугушарын сезишкен экен. Эгерде алар чындыкты мурун билгенде, азыр баштарынан өткөрүп жаткан кайгыдан сактанууга мүмкүн болчу", - деп билдирген ДНК-тест жүргүзгөн дарыгер.

Миссисипи штатында мындай көрүнүш үчүн кылмыш жообуна тартылышат. Агасы же карындашы менен никеге турган жарандарды 10 жылга чейин түрмөгө камоо каралган. Бирок жогорудагы окуяда түгөйлөргө эч кандай айып коюлбасы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nazikbaigazy
2017-04-17 13:24:49
Ии байкуштар, кинодогудайго
+9
HypcylTAH
2017-04-17 14:14:55
Оздору да эгиздер экенин, бир туугандар болгонун билишпесе кантип жоопко тартышмак эле. Аябай окунучтуу окуя болуптур аягы.
+5
uitmor
2017-04-17 15:18:25
Emi bul jonyndo kino tartylat
+1
jenish84
2017-04-17 23:06:45
ой тообоо
0
Ayida
2017-04-18 00:20:23
Ошол учун дин мн жашаса канча баласы бар экенин ачык айтат
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан