Депутаттар кыргыз спортчуларынын Лондон Олимпиадасына ийгиликсиз катышып келүүсүнүн себебин сурашты

Депутат Турсунбай Бакир уулу КРнын Улуттук олимпиадалык комитетинин жетекчисине кайрылып, быйылкы олимпиадада спортчуларыбыз эмне себептен жеңишке жетишпей калганын сурады. "Бүгүн эски бийликти келесоодон башканын баары сындап жатат. Бирок ошол бийликтин тушунда спортчуларыбыз олимпиадада жеңиштер менен келишчү. Быйыл олимпиадада эмне үчүн спортчуларыбыз байгеге жетишкен жок?" деди эл өкүлү. Буга УОКтун жетекчиси Мурат Саралинов "спортто чүчү кулак көп нерсени чечип коёт. Биздин балбандарга чүчү кулак оңтойлуу болуп келгенде спортчу жигиттерибиз медаль менен келет болчу" деп жооп берди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан