"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова президенттик шайлоонун 2017-жылдын 19-ноябрында өтүшүнө макул эмес. Бул тууралуу депутат 17-апрелде журналисттер менен жолугушууда билдирди. Салянова президенттик шайлоодо 2-тур болуп калышы эске алынбай жатат деген ойдо.
"Президенттик шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өткөнү жатат. 1-декабрга чейин 12 күн калууда, бул жаңы президенттин кызматка киришип калышы үчүн жетишсиз. Шайлоодо 1-2-тур болуп калышы мүмкүн экени эске алынган эмес. Мурдагы президенттик шайлоодо 62 күн каралган. Роза Отунбаеванын ыйгарым укуктары 2011-жылдын 31-декабрына чейин болчу", - деди Аида Салянова.