8-майда түнкү саат 01:00 чамасында Тынчтык проспектисинде Мерседес унаасынын айдоочусу жогорку ылдамдыкта бара жатып, унааны башкара албай калган. Натыйжада унаа жолдон чыгып кетип, жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Маалыматка ылайык, айдоочу 1983-жылы туулган А.Токтобаев кырсык болгон жерде көз жумган. Мындан сырткары 2 жүргүнчү оор жаракат алган. Учурда алар ооруканага жаткырылган.