Алмазбек Атамбаев Индиянын тышкы иштер министри менен мусулман диний лидерлеринин конференциясын уюштурууну талкуулашты

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-апрелде Индия Республикасынын мамлекеттик тышкы иштер министри Мушабар Жавад Акбар менен жолукту.

Жолугушууда Кыргызда өтүүчү мусулман диний лидерлеринин катышуусунда эл аралык конференцияны уюштуруу пландары талкууланды. Аны өткөрүү келишими Алмазбек Атамбаев менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди экөөнүн сүйлөшүүсүнүн натыйжасында жетишилген.

Президент Алмазбек Атамбаев бул конференция Исламдын өнүгүү, диний экстремизмге жана радикалдашууга бөгөт коюу маселелери боюнча ой-пикирлерди алмашуу үчүн натыйжалуу аянтча болуп, азыркы Исламдын өнүгүшүндө бурулуш учур болуп калууга тийиш экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан