Аргентинанын түштүгүндө болжол менен мындан 70 миллион жыл мурунку динозаврдын жумурткалары табылды

Аргентинанын түштүгүндөгү Неукен провинциясында болжол менен 70 миллион жыл мурунку динозаврдын жумурткалары табылды. Бул тууралуу орусиялык ТАСС басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, жумурткалардын ичинде динозаврлардын түйүлдүктөрүнүн калдыктары болгон. Маданий мурастарды коргоо боюнча департаменттин башчысы Клаудия Делья Негра табылган жумурткалардын окумуштуулар үчүн мааниси чоң экенин айтат. Ошондой эле эмбриондорду толук изилдеп жатышканын, буга чейин алардын терисинин жана тишинин анализин жасашканын билдирген. Жумурткалар табылган жер кайсы бир убакта саз болгондуктан, алар жакшы абалда сакталган. Динозаврлардын уясын жергиликтүү койчу таап алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
ilgizk
2017-04-17 17:35:23
ким далилдеди 70 миллион жыл мурун экенин..
+6
ekaterinburg
2017-04-17 18:31:36
ilgizk,Клаудия Делья Негра эжеден сурасан айтат.
+2
omurbekFCB
2017-04-17 17:50:19
эми ошонун эмриондорунан диназабр жаратышсын ...
0
Atas
2017-04-17 18:16:55
Myna saga taaryhyi okuya
+3
sungjinsystem
2017-04-17 18:32:29
Оо Ноокен дейт, менин кичи мекеним. Журналист орус чалыш окшойт, жакшы тили келбей Неукен деп жазып коюптур
-6
Gulkin
2017-04-17 18:39:57
sungjinsystem, аргентинадагы провинция деп атат каяктагы ноокен
+3
zhykyo
2017-04-17 19:26:10
Кереги деле жокко жумуртканы изилдеп.Пайдасы деле жок изилдеп бутуп туруп ушул жерде жашаптыр деп коюшат болду анан бутту ошону менен оомин
-1
nur_zhoni
2017-04-18 22:33:40
zhykyo, жок андай эмес
0
Advir
2017-04-17 23:25:24
70 миллион жыл афигеть
-1
Advir
2017-04-17 23:25:54
70 миллион жыл афигеть
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан