ЖЫЛНААМА, 17-АПРЕЛЬ: 24 жыл мурун Түркиянын 8-президенти Тургут Өзал каза тапкан

Мындан 24 жыл мурун, 1993-жылы 17-апрелде Түркиялык мамлекеттик жана саясий ишмер Тургут Өзал өлкө башында турган кезинде 65 жаш курагында Анкарада каза тапкан.

Тургут Өзал 1927-жылы 13-октябрда Түркиядагы Малатья шаарында туулган. Анын атасы банк кызматкери болсо, апасы башталгыч класстарда мугалим болуп иштеген. Атасынын жумушуна байланыштуу үй-бүлө дайыма көчүп жүрүп, ошонун натыйжасында Тургут Өзал толук орто билимди Мардинде алган. Ал эми жогорку мектепти Коньяда жана Кайсериде аяктаган. Мектепти аяктаган соң Стамбул техникалык университетине тапшырып, аны 1950-жылы инженер адистиги боюнча аяктаган.
1950-1952-жылдары АКШда иштеген. Ал эми 1980-жылдын 14-сентябрынан тартып премьер-министр Бүлент Улусунун экономика боюнча кеңешчиси болгон. 1982-жылдын 14-июлунда кызматынан кетип, 1983-жылдын 20-майында "Ата Мекен" аттуу партияны негиздеген. 1983-жылкы парламенттик шайлоодо анын партиясы болгон 400 орундун 211ине ээ болуп, Тургут Өзал Түркиянын 45-премьер-министри болуп шайланган. Ал эми 1987-жылкы шайлоодо анын партиясы 292 депутаттык мандатка ээ болуп, ал кайрадан премьер-министр кызматын ээлеген.
1988-жылы 18-июнда "Ата Мекендин" жыйналышында Тургут Өзалдын өмүрүнө Картал Демираг аттуу адам кол салып, эки жолу атканда Тургут Өзалдын колуна тийген. Ок атышуунун натыйжасында 18 адам жаракат алган. Сот кылмышкерге өлүм жазага өкүм кылган, бирок кийинчерээк 20 жыл түрмөгө камоого алмаштырган. Тургут Өзал президент болгон учурунда Картал Демирагды кечирген.
1989-жылы 9-ноябрда Тургут Өзал расмий түрдө Түркиянын 8-президенти болуп шайланган. Анын реформаларынын натыйжасында Түркия эң жогорку экономикалык ийгиликтерге жеткен. Ал эркин базар экономиканын жактоочусу болгон. 1993-жылы 17-апрелде Азербайжанга болгон сапардан кийин Тургут Өзал күтүүсүз миокарддын инфарктынан каза болгон.
1996-жылдын ноябрь айында түрк массалык маалымат каражаттары бир видео жарыялашкан. Анда күрд сепаратисттеринин лидери Тургут Өзалды Түркиянын атайын кызматы ууландырган деп билдирген. Анткени 1993-жылдын 15-апрелинде Тургут Өзал күрддөр менен конфликтти жөнгө салууну макулдашкан жана ал тууралуу расмий түрдө 17-апрелде жарыялаган. Президенттин жубайы иштин кайра каралышын талап кылган, бирок анын кайрылуусун эч ким ишке ашырган эмес.
2012-жылы 2-октябрда Стамбулда Тургут Өзалдын денесинин калдыктарынан кандайдыр бир уулуу зат издөө максатында эксгумациялоо башталган. 2-ноябрда анын ткандарынын калдыктарын лабораториялык изилдөөнүн натыйжасында түрк дарыгерлери сейрек учурай турган уулуу заттын калдыктарын табышып, Тургут Өзал ууланган деген тыянакка келишкен. Бирок ал боюнча маалымат расмий түрдө далилденген эмес.

17-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан