Калифорниядагы Беркли университетинин жана Массачусетс технологиялык институтунун физиктери абадан сууну бөлүп чыгаруучу аппарат ойлоп табышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, гаджет суу бөлүп чыгарууда Күндүн энергиясын колдонот. Ошондой эле ал жарым күндө нымдуулугу 20-30 пайызга гана жеткен абада 3 литрге жакын суу иштеп чыгат. Аппарат дүйнөдөгү эң кургак аймактардын жашоочуларын суу менен камсыздай алат. Суунун кургак абадан бөлүнүп чыгышы органикалык металл-каркастын жардамы менен ишке ашат.
Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, 2025-жылга карата планетанын жашоочуларынын 14 пайызы суу жетишсиздиги көйгөйүнөн жабыркашы күтүлүүдө. Бүгүнкү күндө деңиз суусун тузсуздандыруунун, ичүүгө жарактуу кылуунун бир канча ыкмалары бар. Алардын кээ бирлери бай араб өлкөлөрүндө колдонула баштаган. Бирок бул ыкмалар көп акчаны, энергияны талап кылат.