7-майда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жел кайык спорту боюнча мелдеш башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Анын айтымында, Кубоктун ачылышына облус башчысы Мирбек Асанакунов, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько катышты. Жеңиш күнүнүн 68-жылдыгына арналган бул спорттук иш-чарага Балыкчы шаарындагы согуш ардагерлери чакырылып, аларга атайын концерттик программа тартууланды.