Бишкекте Лев Толстой көчөсүндөгү 2-3 кабаттуу үйлөрдүн ордуна көп кабаттуу турак жайларды куруу мерчемделүүдө (фото)

"Бишкекглавархитектура" муниципалдык мекемесинин маалыматына ылайык, Лев Толстой көчөсүндөгү "Бишкеккурулуш" фирмасынын менчигиндеги жер тилкеге көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу мерчемделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.

Учурда ал тилкеде 1950-1960-жылдары салынган 2-3 кабаттуу үйлөр бар. Алардын көпчүлүгү коопсуздук нормаларына жооп бербейт жана авариялык абалда. Буга байланыштуу ал үйлөрдү сүрдүрүү каралып, ордуна ашканасы башка бөлмөлөрдөн бөлүнбөгөн (батир-студия) көп кабаттуу турак жайларды салуу мерчемделүүдө.

"Ал үчүн бул долбоор коомдук талкууга 17-майда коюлат. Аталган тилкенин аянты 2,4 гектар. Ал Лев Толстой, Алексей Фатьянов, Касым Тыныстанов көчөлөрү: чыгыш тарабынан "Бишкеккурулуш" салган 5 кабаттуу жаңы турак үйлөр, батыш тарабынан 5 кабаттуу кыш менен салынган үйлөр, түндүк тарабынан Лев Толстой жана темир жол менен, түштүк тарабынан Түштүк-2 кичи районунун 9 кабаттуу үйлөрү менен чектешет", - деп жазылат маалыматта.

Учурда 2-3 кабаттуу үйлөрдүн 1-кабаттарында банк, дүкөн, кеңселер жайгашкан. Ошондой эле тилкеде спорттук аянт, трансформатордук станция, таштанды контейнерлери жана темир гараждар жайгашкан.

Долбоор боюнча тилкеде тогуз ар кандай бийиктикте имараттар курулат. Алардын бешөө (бир 15 кабаттуу, төрт 10 кабаттуу) кыш менен салынса, экөө (18 жана 10 кабаттуу) темир-бетондон салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Bolunbo.kyrgyz
2017-04-17 18:12:44
Кулуеваны да бир жанысыл кылып ана сойку канааларды жок кылбасак болбойт ишин чыгып ата энен менен отуп калсан уйалбай уйат создор менен согунуп отурушат кыздар
+17
Adil706070
2017-04-17 18:14:19
курула электе проектисин укмуш кылып баннерге илип коюп коюшат.буткондо паспортундагы коргозулгон он, тус,материал дегендер алмашып калган учурлар бар.
Баягы эле элди алдамай бизнес.
+8
scorp
2017-04-17 18:56:32
Эми укмуш укмуш! кана эми дал ушундай кылып бекем курулса!
+4
ayjan_90
2017-04-17 19:17:55
Оа Бишкекти тазалаш керек сойкуканаларды баарын сурдуруп салыш керек
+2
Kroxa
2017-04-17 20:01:21
2 3 кабаттулар эле эмес 5 кабаттулар деле эскирди,,кана эми жаныланса..
+5
meni_kut
2017-04-17 20:35:59
эптемей кылбай сапаттуу курса экен
+4
chimpo
2017-04-17 21:23:45
Атамбаеве рахмат Лев Толстой кочосунон 4 болмолуу уй бергенине.9-этаж
-6
brit
2017-04-18 01:43:40
Иии кудай колдосун, кана эми проектидегидей болсо.
+2
scorp
2017-04-18 01:51:47
brit,мен дагы каалап жатам бирок торт бурчтуу коробка салып коюшатко дейм беш этаж кылып... жеш керек да аларма)))
0
Best.bakyt
2017-04-18 04:35:30
Наалыбагылачы салам десе да наалыйт, салбаса да наалыйт эмне деген жансынар деги. Ушудайдан онбой атабызда. Бир адам ондонуп жакшы болуптур деп ыраазы болуп калмай жок.
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан