Март айында Баткен облусунан аткезчилик жол менен Тажикстанга 28 тонна күйүүчү май ташып бара жаткан жеринен 1985-жылы туулган У.Н. аттуу жаран колго түшкөн. Күйүүчү майдын жалпы суммасы 812 миң сомду түзгөн. Мындан улам ИИМдин Мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу бөлүмүнүн кызматкерлери Кылмыш кодексинин 204-беренеси (контрабанда) боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө материалдарын Лейлек райондук сотуна өткөрүп берген. Ал эми райондук сот аталган жаранды 3 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды.