Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов 48 жашка чыкты. Ал 1969-жылы 18-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айылында туулган. 1989-жылы Ош техникалык университетине экономист-менеджер адистигине ээ болуу үчүн тапшырып, аны 1998-жылы аяктаган.
2009-жылдын январында Ош шаарынын мэри болуп шайланган. 2013-жылдын 5-декабрында Ош шаарынын башчылыгынан бошотулган. Анын кызматтан алынгандыгы тууралуу буйрукка 5-декабрда ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон. Өкмөт Мелис Мырзакматовдун кызматтан бошотулуусу Ош шаарынын жетекчилигине боло турган шайлоого байланыштуу кабыл алынган чечим экенин, ошондой эле мэрди бошотууда өкмөт башчы конституциялык укугунан пайдаланганын билдирген.