Депутат Патрулдук милиция натыйжа бербей жатканын айтты

КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимов патрулдук милиция натыйжа бербей жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жана Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча Комитеттеринин жыйынында билдирди.

“Ички иштер министрлиги канча жол кырсыгы катталганы тууралуу маалымат бергендин ордуна реформалар кандай жүрүп жаткандарын айтса болмок. Мына, кечээ күнү премьер-министр Сооронбай Жээнбеков “Коопсуз шаар” долбоору боюнча Жогорку сотто каралып жатканын айтты. Сот бүткөнчө бул долбоордун негизинде эч кандай иш кыла албай турганыңарды билдирди. Кээ бир жерлерде видеокөзөмөл коюлган. Ошону иштетсе болобу?” - деп депутат ички иштер министри Улан Исраиловдон сурады.

Исраилов видеокөзөмөлдү иштетсе боло турганын айтып, бул боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле Матраимов Патрулдук милиция натыйжа бербей жатканына токтолду. Министр реформада каралып жатканын эскертип, кемчиликтер бар экенин мойнуна алды. Бул маселе боюнча карап чыга тургандарын билдирди.

Депутат мурда СССР убагында бир жерде 3-4 жолу жол кырсыгы катталса, ошол жактагы жол кайгуул кызматынын башчысына чара көрүлүп келгенин айтты.

Эки комитетте өкмөт 2016-жылы аткарган иштери тууралуу отчёт берип жатат. Улан Исраилов анда бир жылда 5 868 жол кырсыгы катталганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан