Бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү, коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети (төрагасы Мирлан Жээнчороев, "Республика - Ата Журт") жана Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук боюнча комитети (төрагасы Аскар Шадиев, "Бир бол") өкмөттүн бир жылдык отчётун канааттандырарлык деп тапты.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков депутаттар тарабынан айтылган ачык сындарды эске алып, иш алып бара турганын айтып, колдоп бергендери үчүн ыраазычылык билдирди.
Аталган эки комитетте чек ара, кылмыш-кырсык, эл аралык мамилелер тууралуу отчёт угулду.
Депутаттар тарабынан Ички иштер министрлигине Патрулдук милиция, жол кырсыгы боюнча сын-пикирлер айтылды.
“Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев өкмөттүн отчётунда “Коопсуз шаар” долбоору тууралуу бир дагы маалымат жок экенин эскертти. Ал эми КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимов ИИМ реформалар боюнча эч кандай маалымат бербегенин айтты.