Казакстанда 80 жашка чейин өлкөнү башкарып, кайрадан президенттикке талапкерлигин койгондорду өлүм жазасына тартуу сунушталууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат булактары жазып чыгышкан. Мындай сунушту Казакстандын мусулмандар биримдиги жана Борбордук Азиядагы адам укуктары боюнча мусулман комитети айтууда. Алар билдиргендей, мамлекетти 80 жаштан ашкан адамдар башкарбашы керек. "Бул тууралуу Конституцияга жазуу зарыл, эгер бул мыйзамды ким бузса, аны өлүм жазасына тартуу керек",- дешүүдө алар. Бул идеянын авторлору аталган жазаны учурдагы президент Нурсултан Назарбаевге колдонбоону белгилешүүдө. Айта кетсек, Казакстандын учурдагы президенти Нурсултан Назарбаев өлкөнү 20 жылдан бери башкарып келет. 72 жаштагы Назарбаев 4-мөөнөттөгү президенттик ишин аткарууда.